Биз социалдык тармакта

Бишкекте "Исмаил Матраимов" кайрымдуулук фонду дарыгерлерди бекер ташуучу автобус уюштурду

Бишкекте "Исмаил Матраимов" кайрымдуулук фонду дарыгерлерди бекер ташуучу автобус уюштурду.

Аталган фонд тарабынан уюштурулган автобус Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун кызматкерлерин үйлөрүнө жеткирүүдө.

Уюштуруучулардын айтымында, бекер транспорт шаардын сырт жагында жашаган дарыгерлерди ташууда.

Оорукананын кызматкерлеринин бири маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштагандыктан, жумушка келип-кетүү түйшүк жаратып жатканын айтып өттү.

"Жумушка келип-кетүү абдан чоң түйшүктү жаратууда. Жеке унаабыз жок, таксилердин баасы асман чапчыйт. Биздин ооруканада 400дөй медицина кызматкери иштейт. Шаар ичинде жашагандар өткөн-кеткен унаалар менен эптеп кетип калып жатышат. А биз, шаардын сыртында жашаган дарыгерлер кыйналдык. Биз тарапка кеткен унаалар аз болуп 2-3 саат жолдо туруп калып жаттык. Ошондуктан биз үчүн атайын транспорт уюштурулганы абдан кубантты. "Исмаил Матраимов" фондуна ыраазычылык билдиребиз. Түйшүгүбүз бир топ жеңилдеп турат", - деди оорукананын кызматкери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Taalaibek.
2021-06-04 20:47:14
Сооп кылган азаматтар кобойо берсин. Алдыга Кыргызстан! Оркундой бер Кыргызстан!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан