Биз социалдык тармакта

Учурда чек арада абал кандай? Баткен облустук администрациясы жооп берди

Кечээ, 4-июнда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкерим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражоббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Облус башчылары Баткен жана Согди облустарынын чек ара аймактарында коомдук коопсуздукту камсыздоо, буга чейин эки тараптын макулдашуусу менен түзүлгөн милициянын жана чек арачылардын биргелешкен постун жана жөө патрулдардын ишин күчөтүү менен чек арадагы элди дүрбөлөңгө түшпөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жана эки тарап тең чек арага аскердик күчтөрүн алып кирбөө жана жайгаштырбоо боюнча макулдашты", - деп жазылат билдирүүдө.

Облус башчыларынын тапшырмасы менен чектеш жайгашкан Баткен-Исфара, Лейлек-Гафуров райондорунун акимдери жолугушту.

Жергиликтүү бийлик, күч түзүмдөрү менен биргеликте чыр-чатактардын алдын алуу, чек ара аймактарында коопсуздукту камсыздоо боюнча иш алып барышууда.

Учурда Баткен облусунун Тажикстан менен чек ара аймактарында абал тынч, күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп, абалды көзөмөлгө алууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
-FREEDOM-
2021-06-05 09:28:27
Ылайым тынчылык эле болсун. Биз качып ар жерде журобуз
+2
SHahabidin-jabborov
2021-06-05 11:05:21
-FREEDOM-,Лейлектин Кайрагач айылыга Максат айылынан элдер качып келипти,эрте менен айыл центрда балдарын эрчытиб журот байкуштар.Аларды коруб ыйладим!Аллах согуштан сактасын
+2
Umar7
2021-06-05 09:30:55
Биздикилердин отурушун кара шалпыйып. Аскер адамы зынкыйып сүр менен өтуруш керек
+2
mira28
2021-06-05 11:25:36
Umar7,биздикилер тыкчыйып эле отуратгосол жакта.Жамшудтор шалпайып ичине кара ташын туйуп серьез кабыл албай отуру.Акмак тарбиясы жлк жапайы калк экен.
+1
portugalia
2021-06-05 10:21:39
Кыргызымды кудайым колдосун!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан