Биз социалдык тармакта

Бишкекте иш таштаган айрым маршруттук таксилердин айдоочулары каттамга чыга баштады

Бүгүн, 5-июнга карата Бишкекте иш таштаган маршруттук таксилердин айрым айдоочулары ишке чыгышты. Бул туурасында борбор калаанын мэриясынан кабарлашты.

"Айдоочулар акырындан каттамга чыга башташты. Иш таштоо аяктады дегенге эрте, бирок жылыш бар. Биз коопсуздук үчүн укук коргоочуларды, ыктыярчы кошуундарды тарттык", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 2-июнда борбор калаада маршруттук таксинин айдоочулары жол кире тарифин жогорулатуу талабын коюп, каттамга чыкпай коюшкан. Борбор калаада троллейбустар, автобустар, ошондой эле №131 жана №227 линиясындагы муниципалдык маршруттук таксилер гана иш алып барып жатышкан. 4-июнда айрым маршруттук каттамдар жанданган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
senchi
2021-06-05 10:06:57
Чек арада эмне болуп жатат булар ишке чыкпай элди кыйнап жатат жеткен душмандар бул жакта турбайбы.
+1
Real98
2021-06-05 10:08:12
Аялдары кууп атат окшойт^=^
+1
XATSAN125
2021-06-05 11:07:07
Дубана таарынса куржунуна зыян
+1
XATSAN125
2021-06-05 11:07:53
Бир жолу чыгарбай кою керек да
0
Атасынын баласы
2021-06-06 01:04:49
Абалынар ушул эле экен го...
0
aslan_akjol89
2021-06-06 01:56:30
Чыкпагыла маршруткаларга.Мурдуларына суу жетсин акмактардын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан