Биз социалдык тармакта

Чек ара: Саат 09:30га карата Чоң-Алайда абал кандай?

Бүгүн, 5-июнь саат 09:30га карата Чоң-Алай районунун Тажикстан менен чек арага жакын аймактарында абал тынч. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 71 жаштагы Шермамат Идирисов аттуу жергиликтүү тургун билдирди.

"Азыр айылдарда абал кудайга шүгүр тынч. Кары-картаң, жаш балдар эвакуацияланып, айылдарда бирин-серин гана адамдар калды. Тажикстан менен чек арага жакын жерде 5-6 аскер кызматкери жүрөт", - деди Идирисов.

Кечээ, 4-июнда кыргых-тажик чек арасында абал кайрадан чыңалган. Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Унжу-Булак айылында тажик тарап түнкү саат 03:00дө Кыргыз жергесинин аймагына кирип, Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагындагы чек аранын сүрөттөлө элек тилкесине контейнер коюшкан. Ал эми саат 06:00гө карата тажиктер орнотулган контейнерден 600 метр алыстап кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nina.alex
2021-06-05 09:54:42
5_6 аскер эмне кылат?? Тобоо ушунча да бейкапар болобу чондор??
+4
nazira...
2021-06-05 10:14:49
Контейнерин влып кетишиптирби, тел.влбай жатышса биздин тажикстандакы посол не кылып атат, барбайбы тактап сүйлошпөйбү, странно.
+4
Nina.alex
2021-06-05 10:48:03
nazira...,баткенде Эл кырылып атканда башын кумга тыгып жатты посол неме. Негизи 70 жашка келип калыптыр ошол неме,уйуно эле кетсе болмок,эс алууга
+1
Baiaman997
2021-06-05 12:38:55
Алар Казахстандан патронду келишин эле кутуп турат,тушунбойтасынарбы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан