Биз социалдык тармакта

Бишкекте маршруттук такси "Жол кире 15 сом" деп жазып алып каттамга чыга баштады

Бүгүн, 5-июнда социалдык тармактарда Бишкектеги маршруттук каттамдардын биринин айдоочусу унаасынын сыртына "Жол кире 15 сом" деп жазып алып, каттап жаткан сүрөтү социалдык тармактарга тарады.

Сүрөттө көрүнгөндөй, №199 маршруттук каттамдын айдоочусу унаасынын сыртына "Жол кире 15 сом" деп жазып алган. Бул сүрөт учурда социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан талкууга алынууда.

Айрымдары "Өзүнчө баа коюп алгыдай булар ким?" деп нааразычылыгын билдиришкен.

Бул тууралуу Бишкек мэриясына байланышканыбызда, маалымат такталып жатканын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Urmat78
2021-06-05 12:44:00
Ар ким өзүнүн билгенин кыла берсе эмне болот.Эртен мугалимдер врачтар милициялар же башка кесптегилер айлыкты көтөргүлө болбосо иштебейбиз деп чыга берсе болобу
+9
elmira.
2021-06-05 12:55:20
Уяты жоктор
+9
Noon
2021-06-05 14:30:34
Акмактар, Эл душманысынар силер
+5
aiba.20201234567
2021-06-05 19:01:09
Маршуткалардын кереги жок эми бизге автобус алдыргыла эшекке минерлер ....алооо
+3
nurjamal1989g
2021-06-06 02:00:35
Болгону 5 эле сомго ,чындап азыр баары кымбат чондор 5миллиондоп элдин ырыскысын жеп коюп атышпайбы.Эми беш сом учун карапайым шоопурларга асылбай эле койгулачы ,каалагандар тушот каалабаса тушпойт.Кыргызстанда тынчтык болсунчу ачка болсок дагы ,Ынтымак бар жерде ырыс бар
-3
Атасынын баласы
2021-06-06 02:09:56
nurjamal1989g, Кызыксыз го? Ошондо, айлыгы коптор тушкуло, айлыгы аздар жоо жургуло дегендикпи? Ошол болгону бир тушкондо ашыкча кеткен 5 сом калктын копчулугуно кыйын эле, айлыгы коптор машина менен журот... ГСМ 28-29га тушкондо ошол айдоочулар арзандатты беле, коп таап жатабыз деп?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан