Боом капчыгайында келе жаткан аптада таш кулатуу иштери башталат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 7-11-июнь күндөрү Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 132-чакырымы убактылуу жабылат.
Мындай иштер таш кулап, кооптуулук жараткан кырдаалдын алдын алуу максатында жүргүзүлүп келет. Аталган жолдун бир тилкеси күндүз саат 09:00дөн 15:00гө чейин жабык болот. Жолду тазалап жатканда ары-бери каттаган автоунаалар трассанын бир тилкеси менен жүрөрү айтылды.