Бүгүн, 5-июнда социалдык тармактарда Бишкектеги маршруттук каттамдардын биринин айдоочусу унаасынын сыртына "Жол кире 15 сом" деп жазып алып, каттап жаткан сүрөтү социалдык тармактарга тараган. Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, айдоочулар бааны өз алдынча жогорулатып алышты.
"Айдоочулар тарабынан жол кире акысын өз алдынча жогорулатып алган факты бар. Мындай кадам мыйзам чегинде жазалоону шарттайт.