Бүгүн, 5-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен болгон жолугушуудан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анда Ташиев кечээ, 4-июнда эмне себептен Чоң-Алайда эл эвакуацияланганын айтты.
"Тажикстандын УКМК башчысы Ятимов менен жолугушуп сүйлөшүү жүргүзүп келдик. Кечээки жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүбүз майнапсыз болгон. Ошонун негизинде биз элди көчүрүүгө мажбур болгонбуз", - деди Ташиев.
Камчыбек Ташиев бүгүнкү жолугушуу майнаптуу болгондуктан, жакын арада эвакуацияланган тургундар үйлөрүнө кайта турганын кошумчалады.