Коңшу Тажикстан менен чек ара боюнча кабыл алынган протоколдор 2 сааттын ичинде элге жарыяланат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге билдирди.
"Биз сүйлөшүп, келишим түзүп, чогуу протокол кабыл алдык. Кабыл алынган протоколду бир-эки сааттын ичинде коомчулукка жарыялайбыз. Коомчулук барын угат, көрөт. Ал жерде 7-8 пункттан турган келишим бар. Мындан ары кабыл алынган келишимдин негизинде иш жүргүзөбүз деген ойдомун", - деди Ташиев.
Бүгүн, 5-июнда Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМКсынын башчысы Саймумин Ятимов менен жолугушту. Жолугушуу Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө аяктаган.