Биз социалдык тармакта

Жогорку Соттун төрайымы: "Жаңы Конституцияда сот бийлигинин өз алдынча иштөөсүнө шарт түзгөн ченемдер камтылган"

"Жаңы Конституцияда сот бийлигинин өз алдынча иштөөсүнө шарт түзгөн ченемдер камтылган", - деп бүгүн, 7-июнда сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынында Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакирова билдирди.

"Жаңы кабыл алынган Конституция өлкөнүн өнүгүшүнө өбөлгө болот деп ишенебиз. Анда сот бийлигинин өз алдынча иштөөсүнө шарт түзгөн ченемдер камтылган. Өзүнө тиешелүү маселелер боюнча Жогорку Сотко мыйзам чыгарууга демилге укугунун берилиши сот бийлигинде орун алган көйгөйлөрдү чечүүгө шар түзүлөт. Сот тутумунун көз карандысыздыгын жогорулатат. Кыска мөөнөттүн ичинде сот тутумунун ишин жөнгө салуучу мыйзам долбоорлорун Конституцияда белгиленген ченемдерге шайкеш келтирилет", - дейт Бакирова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан