Биз социалдык тармакта

Эмне үчүн акыркы күндөрү сууга чөккөндөрдүн саны көп болууда? Кандай эрежелерди сактоо зарыл? ӨКМдан кеңеш

Жай мезгили келип, күндүн ысышы менен тургундар сууга түшүп, эс алууну баштаган маалы. Тилекке каршы, акыркы күндөрү сууга чөгүп кеткен адамдардын саны көп болуп жатканы байкалууда. Буга байланыштуу ар бир адам сууга түшүүнүн эрежелерин билип алышы ашыкча кылбайт.
SUPER.KG порталы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдар кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу Замирбек Жумаков менен маек курду.
- Сууга чөгүп кетпеш үчүн кандай эрежелерди сактоо керек?
- Коопсуздук эрежелери төмөнкүдөй:
* тереңдигин билбей бийик жерден сууга секирбөө, сууга сүзүүнү билбей үйлөнмө баллондор менен жээктен алыска кетүүгө болбойт;
* белги коюлбаган жерлерде сууга түшүүгө тыюу салынат;
* суунун жанында турган жаш балдарды кароосуз калтырууга мүмкүн эмес;
* атайын коюлган белгилерден өтүп кетүүгө жана көлмөлөрдөн алыс сүзүп барууга болбойт, сууда коркунучтуу оюндарды ойногонго болбойт;
* +18 градустан төмөн температурада сууга түшүүгө тыюу салынат;
* жалган белги берип кыйкыра берүүгө болбойт.
- Эмне үчүн акыркы күндөрү сууга чөккөндөрдүн саны көп болуп жатат?

- Былтыркы жылга салыштырмалуу жаш балдар жана өспүрүмдөрдүн сууга чөгүп кеткен учуру көп катталууда. Себеби коопсуздук чаралары ата-эне жана чоңдор тарабынан сакталбагандыгында болуп жатат.

Сууга түшүүдө, атайын уруксат берилген, коопсуздук иш-чаралары көрүлгөн, тереңдиги тосулган, куткаруучу шаймандары болгон, туалет, душ, күндөн калкалоочу чатырлар, сууда куткаруучусу бар, медициналык пункту бар гана жайларда сууга түшүүгө болот. Башка суу объектилеринде сууга түшүүгө тыюу салынат жана кооптуу. 12 жашка чейинки балдарга чоңдордун көзөмөлүсүз сууга түшүүгө тыюу салынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан