Бүгүн, 7-июнда Биринчи Май райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасы кайрадан каралды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган соттун маалымат кызматынан билдиришти.
Анда Биринчи Май райондук сотунун токтомуна ылайык, Ниязов 2021-жылдын 10-августуна чейин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 абагында болот.