Биз социалдык тармакта

Депутат Жоробеков банктарда насыялардын пайызы жогору экенин айтты

Депутат Тариел Жоробеков насыялардын пайызы жогору экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 7-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

Ал муну ким көзөмөлдөшү керектигине кызыкты.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маселе татаал экенине токтолду. "Коммерциялык банктар ортомчулук кызматты аткарат. Алар элден депозиттерди алып, ага өз чыгымдарын кошуп туруп элге насыя берет. Ал эми бүгүнкү күндө депозиттердин баалары улуттук валютада 12 пайыздан башталат. Ошондуктан орточо эсеп менен алганда 17-18 пайыздан насыялар берилет. Бирок кичи каржылык компанияларда пайыздык чен жогорураак", – деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-06-07 15:18:33
Ушул Толкунбек Абдыгулов дегенин эч эле кетпеди да Банктар элдин канын соргон мафия болуп бүтүштү го
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан