Чүйдүн Ысык-Ата районунда 48 жаштагы Урмат Калдаев аттуу жаран дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

"Бою 180-182 сантиметр, чачы кара, көздөрү күрөң, арык чырай. Үйдөн чыгып кеткенде көк түстөгү футболка, спорттук шым жана күрөң түстөгү бут кийим кийип жүргөн. Сол жак бетинде калы бар", - деп билдиришти облустук милициядан.