Биз социалдык тармакта

Орусия мигранттарга байланыштуу жаңы токтом кабыл алды. Эмне жөнүндө?

Орусиянын өкмөтү "Чет тили катары орус тилинен сынак тапшыруу үчүн зарыл болгон билимдин минималдуу деңгээлине, Орусиянын тарыхына жана мыйзамдарынын негиздерине талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомду жарыялады. Документ өлкөнүн укуктук маалыматтары боюнча сайтында жарыяланып, ага премьер-министр Михаил Мишустин кол койду. Жарлык бүгүн, 7-июнда күчүнө киргенин бир катар КМШ өлкөлөрүнүн маалымат каражаттары жазды.

Жумушка уруксат же патент алууну каалагандар чет тил катары орус тилинде төмөнкүлөрдү билиши керек:

- социалдык, ошондой эле кесиптик жана социалдык-маданий чөйрөдөгү айрым кырдаалдарда (жумушка алуу, полиция менен байланышуу, клиникага баруу ж.б.) баарлашууну;

- маектешинин сөзүндө же аудио билдирүүсүндө айтылган негизги маалыматты угуп-түшүнүү, анын темасын аныктай билүү;

- социалдык-маданий же турмуш-тиричилик чөйрөдө жана айрым тармактарга (жумушка алуу, полиция менен байланышуу, клиникага баруу ж.б.) байланыштуу негизги мазмунду түшүнүү максатында тексттерди окуй билүү, тексттердин темасын аныктоо;

- ушул түрдөгү анкеталарды, бланктарды жана башка документтерди толтура билүү, үлгү боюнча арыз жазуу (жумушка алуу ж.б.).

Орусиянын тарыхы боюнча:

- Тарыхтын орчундуу фактыларын жана окуяларын билүү;

- Орусиянын баш калаасынын жана ири шаарларынын аталышын билүү;

- Орусиянын негизги мамлекеттик майрамдарын билүү.

Мыйзамдуулуктун негиздери жөнүндө:

- Орусиядагы чет элдик жарандын негизги укугу, эркиндиги жана милдеттерин билүү;

- Орусиядагы убактылуу жүрүү мөөнөтүн жана миграциялык каттоонун шарттарын;

- Административдик жоопкерчилик белгиленген миграциялык эреже бузуу (убактылуу жашоо мөөнөтүн бузуу, жумушка уруксаты жок же патентсиз иштөө, миграцияга каттоого турууда жалган маалыматтарды берүү);

- миграциялык эрежелерди сактабагандыктын кесепеттери (депортациялоо, эскертүү, айып салуу, административдик жол менен чыгаруу, Орусияга киргизбөө эрежелери).

Ушул жылдын апрель айында Орусиянын Ички иштер министрлиги мыйзамсыз жүргөн КМШ жарандарынын 15-июнга чейин өлкөдөн чыгып кетишин талап кылган. Ошондой эле ИИМ Орусияда Кыргыз өлкөсүнөн 115 миң мыйзамсыз мигрант бар экенин кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Spb
2021-06-07 17:04:55
Олуп еле калыптырго тарыхы бмщге не керек еле олордун биздикилер иштегени баратко же Пушкин Лермантовун билишибиз зарылбы
+9
Kari
2021-06-07 19:06:55
Озубуздо жумкуш орундун жетишсиздиги,налогтун ,бензин,солярканын кымбаттыгы мажбур кылат мигрант болуп озго элдин тарыхын уйронууго,майрамдарын билууго.Кыргызстан буюрса онуксо,балдарыбыз озго мамлекеттерге мигрант эмес турист болуп баруу насип этсин.
+10
Rusbayastan
2021-06-07 19:28:37
Мана Мисалы нахрен кереги бар Орустун тарыхы.
+8
nazira...
2021-06-07 20:34:25
Rusbayastan,иш керекпи, керек болсо билишин керек экен да. Блин ошонон көрө өзүбүздө иш болсо кана эле, тентибей. Эч нерсе эмес аз калды сабыр кылып туралы, буюрса өзүбүздөн чыкпай, кетпей иштейсиңер, ажобузга күч кубат берсин.
+3
muslima-0788
2021-06-07 21:33:33
Күлкүндү келтирет го орустар ))).Бул закондорун биз эмес оздору да билбейт.
+4
Kuyoo_bala
2021-06-08 09:18:38
Кысым башталыптырда
+2
Altyn10076
2021-06-08 10:09:38
Кеп билишете эмес, экзаменге кириш үчүн акча төлөсөң керек,
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан