Биз социалдык тармакта

Министр Түркиянын Кыргыздагы элчисинен өрт өчүрүү техникаларын сатып алууга жардам сурады

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү жаңы дайындалган элчиси Ахмет Садык Доган менен жолугушту. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Ажикеев Ахмет Садык Доганга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн өрт өчүрүү техникаларын сатып алууга көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылды. Анда министр Түркия тараптан үнөмдөлгөн насыя каражаттарын алып, өрт өчүрүүгө колдонулуучу шаймандарын сатып алууга сарпталары тууралуу билдирген.

"Элчи насыяга байланыштуу маселенин учурдагы абалын билип берүүнү убада кылды. Тараптар калкты жана аймактарды табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча мындан ары жемиштүү кызматташарын билдиришти", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zhunusali
2021-06-07 22:43:27
Топунду жолдун четине койуп отуруп албайсынбы,ушундон коро
+2
Tursunbaev1978
2021-06-07 22:52:17
Кайырчылар,бет деле калбады буларда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан