Биз социалдык тармакта

Президент Садыр Жапаров Түркияга расмий иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров ушул жылдын 9-11-июнунда Түркия Республикасына расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш сапарынын алкагында, Садыр Жапаров Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Эки өлкөнүн лидерлери эки жана көп тараптуу кызматташууну, ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин алкагында, өз ара байланыштын актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Кыргыз өлкөсү менен Түркия ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин V жыйыны эки өлкөнүн президенттеринин катышуусунда өтөт.

Расмий иш сапардын алкагында, президент Садыр Жапаровдун Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсү менен Түркиянын ортосундагы бизнес-форумга да катышат.

Ошондой эле ал Түркиянын борбору Анкара шаарында иштеп жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары, студенттери жана диаспоралардын, коомдук бирикмелердин жана уюмдардын өкүлдөрү менен да жолугушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aibek_eka
2021-06-07 17:59:51
Биргелешип курал чыгаралы деп Кыргызтанга чоон завод ачып курал жарак чыгарыш керек ошону сунуштап корунуз Садыр Нуркожоевич
+6
umarbey
2021-06-07 19:02:00
Jon kelbey kural jarak ala keliniz...
+3
Milduri
2021-06-07 20:15:10
Орхан Инандыга тийишпегиле ал биздин жаран деп айтыш керек жолугушууда, анан Сапат лицейлеринен колуңду тарт деш керек!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан