Биз социалдык тармакта

Депутат: "Түркиянын басылмалары Орхан Инандыны Кыргыз өлкөсүнүн УКМКсы уурдаган деп жазып жатышат"

Бүгүн, 7-июнда Жогорку Кеңештин комитетинде Орхан Инандынын жоголуу фактысы боюнча маалыматы угулуп жатат.

Депутат Абдывахап Нурбаев Түркиянын басылмалары Орхан Инандыны Кыргыз өлкөсүнүн УКМКсы уурдаган деп жазып жатышканын айтты. "Кечээ ушундай маалымат чыкты. Эмне үчүн бул сөздү төгүндөбөй жатасыңар? Бул Тышкы иштер министрлигинин иши да. УКМКдан, ИИМден кат күтүп жатасыңарбы? Уктап отура бересиңерби? Буга чейин төгүндөп маалымат чыгарбайсыңарбы. Кыргыздын эгемендүүлүгүн сактабайсыңарбы", - деди депутат.

Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев: "Бизге андай маалымат келе элек. Маалыматты алып жооп беребиз", - дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bakyi
2021-06-07 18:00:36
Абдывахап Нурбаев да Фетхуллахчылардын чондорунан да. Кереги жок аларды жабыш керек!!!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан