Биз социалдык тармакта

Депутат мамлекеттин карамагындагы банктардын ишинин натыйжалуулугу төмөн экенин айтты

Депутат Умбеталы Кыдыралиев мамлекеттин карамагындагы банктардын ишинин натыйжалуулугу төмөн экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 7-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

"Мамлекеттин карамагындагы банктардын ишинин натыйжалуулугу төмөн. Аларда алгылыктуу реформаларды жүргүзүү зарыл", - деди ал.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 2020-жылы экономикалык каатчылык шартында банктын жыл ичинде аткарган иши өлкөдөгү макроэкономикалык туруктуулукту кармап турууга, финансы жана төлөм системаларынын туруктуулугун сактоого багытталганын белгиледи.

"Улуттук банк 2020-жылы орточо инфляцияны 5-7 пайыз чегинде кармап турууга жетиштик. Тагыраагы, инфляциянын орточо көрсөткүчү 6,3 пайызды түздү. Ошондой эле экономиканы насыялоо үчүн 12,3 миллиард сом жумшап, валюта рыногун турукташтыруу алкагында 518 миллион доллар сатылган", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан