Түркия 2019-жылы Орхан Инандыны экстрадициялоону талап кылган. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев билдирди.
Анын айтымында, Кыргыз мамлекети Орхан Инанды Кыргыз жараны экендигин айтып, баш тарткан.
"Элчиликке нота жөнөтүү үчүн бизге Ички иштер министрлигинин каты керек. Эгерде Ички иштер министрлигинин тергөө тобу Тышкы иштер министрлигине Орхандын жубайы Инандынын элчиликтин имаратында кармоо тууралуу билдирүүсүн текшерүү өтүнүчү менен кат жөнөтсө, анда биз аны Түркиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө өткөрүп беребиз", - деди ал.