Өлкөнүн башкы прокурору Курманкул Зулушевге атайын чин ыйгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, Курманкул Зулушевге "2-класстагы мамлекеттик юстиция кеңешчи" чини ыйгарылган. Тиешелүү буйрукка өлкө башчы президент Садыр Жапаров кол койгон.
Башкы прокурорго берилген атайын чин генерал-лейтенант наамына барабар.