Орусиялык ырчы Ольга Бузова жакында роль жарата турган спектаклде канча гонорар алары белгилүү болду

Орусиялык ырчы жана алып баруучу Ольга Бузова режиссёр Рената Сотириадинин Иосиф Сталин тууралуу баяндаган "Укмуштуу грузин" спектаклинде роль жаратат. Ал бул ролу үчүн дээрлик жарым миллион рублга жакын гонорар алат. Бул тууралуу орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттарында жазылды.

Маалыматка ылайык, спектаклде жараткан ролу үчүн 446 миң рубль (болжол менен 517 миң 360 сом) алат. Анын ичинен 212 миң 766 рубль өлчөмүндөгү каражатты репетиция үчүн алса, 234 миң 44 рублду сахнада аткаргандыгы үчүн алмакчы.

Белгилей кетсек, Бузова өзүнүн Инстаграм баракчасына "мен өлкөдөгү белгилүү театрдын актрисасы болдум, спектаклде роль жаратам жана ырдайм. Бул кубанычтуу кабарды силер менен бөлүшүп жатып, сүйүнүчтөн көзүмө жаш алдым" деп жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Asmat84
2021-06-08 00:07:53
Бизге эмне кереги бар
+2
kazakov1991
2021-06-08 02:23:06
Болжол менен 517 мин 360 сом алат деп ондоп койгула сабатсыз журналистер топтолуп калганбы ар бир жанылык катасыз чыкпай калды.
+3
Invests
2021-06-08 07:04:06
517 миң 360 миң сом. Ушундай да болобу
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан