АКШда 94 жаштагы аял орто мектепти аяктагандыгы тууралуу аттестат алды

АКШнын Алабама штатында мындан 80 жыл мурун мектепти таштаган аял 94 жашында орто мектепти аяктагандыгы тууралуу аттестат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Андагы маалыматка караганда, Грейс Ли Макклюр Смит 94 жашында орто мектепти аяктагандыгы тууралуу аттестатын колуна алды. Аттестат тапшыруу аземи анын неберелери тарабынан уюштурулган.

"Мен аябай ыраазымын. Эч качан орундалбай калгандан көрө, кеч болсо да ишке ашканы жакшы эмеспи, туурабы?", - деген ал.

Грейс Ли Макклюр Смит мектепти 16 жашында таштоого мажбур болгон. Себеби 1942-жылы жолдошу Экинчи дүйнөлүк согушка аттанган. Мектепти бүтпөй калса да, окуу тууралуу эч качан унуткан эмес. Ал Мэдисон аймагындагы мектептердин биринде окуучуларды ташыган автобустун айдоочусу болуп 30 жыл эмгектенген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан