Бүгүн, 8-июнда парламент комитетинде "Кыргыз темир жолу" ишканасынын отчёту каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, баяндаманы аталган ишкананын башкы директору Адылбек Адранов жасайт. Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында жалпы 2 маселе талкууланат. Ишкананын баяндамасынан соң ар кандай маселе каралат.