Эрнисбек Ормоков Жалал-Абад шаарынын мэри болуп шайланды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэринин кызмат ордуна 1 талапкер катталган. Эрнисбек Ормоков "Ата Журт Кыргызстан" фракциясынан көрсөтүлгөн. Добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча Ормоков Жалал-Абад шаарынын мэри болуп шайланды. Ага Жалал-Абад шаардык кеңешинин 31 депутаты добуш берди.