Кочкордо 11 жаштагы Айтурган Садыкова дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу кыздын туугандары кабарлашты.

"Ал Кочкордон Бишкекке 6-июнь күнү келген. Аны ошол эле күнү болжол менен саат 17:00дө вокзал жактан көргөндөр бар экен. Балыкчы жакка кетип калса керек деген божомолдор болуп жатат. Анткени аны ата-энеси Балыкчыга таенесине алып барабыз деп убада кылып коюшуптур, кыз аларды күтпөй эле Бишкекке кетип калыптыр. Бирок таенесине дагы барган эмес", - деп билдиришти жакындары.
Кийген кийими: кызыл футболка, көк түстөгү шым, сумка, бутунда боз түстөгү спорттук бут кийим, колунда баштыгы бар.