Бүгүн, 8-июнда Ош облусунда куудул, сатирик Рахман Разыковду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү.
Анда кесиптеши Гүлшайыр Садыбакасова үй-бүлөсүнө көңүл айтты.
"Ажалга айла жок экен. Кош бол, Рахман досум. Дос деп койчу мени, аял менен эркек кишинин ортосунда достук бар-жогун биле албайм, бирок кичинекейибизден дос болуп чоңойдук,азыр дос болуп ажырашып жатабыз. Ыйманы саламат болсун, үй-бүлөсүнө көңүл айтам. Кыргыз элинин кабыргасы кайышып, боздоп-сыздап турат. Бизди таштап кетип калдың Рахман досум, кош бол...", - деди ал өз сөзүндө.
Белгилей кетсек, Рахман Разыковдун сөөгү өзү-туулуп өскөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айылында жерге берилди.