Биз социалдык тармакта

Жашылча-жемиштер быйыл аз жыйналууда

Эрте жашылча-жемиштердин дүң жыйымы өткөн жылга салыштырмалуу 3 миң 700 тоннага аз. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин өсүмдүк өстүрүү жана интенсивдүү багбанчылык департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, республика боюнча жашылча, картошка жана мөмө-жемиштер Кадамжай, Лейлек, Араван жана Кара-Суу райондорунда жыйналууда.

"Ушул жылдын 7-июнуна карата өлкө боюнча 10 миң 500 тонна жашылча жана 2 миң 977 тонна мөмө-жемиштер жыйналды. Картошка казуу иштери 629 гектар аянтта жүргүзүлүп, былтыркы жылдан 418 гектарга аз. Дүң жыйым 9 миң 128 тоннаны түздү жана 2020-жылдан 3 миң 700 тоннага аз", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан