Казакстан Тажикстанга көрсөтүлгөн аскердик-техникалык жардам боюнча түшүндүрмө берди

Казакстандын Коргоо министрлиги Тажикстанга жана Кыргыз өлкөсүнө көрсөтүлгөн аскердик-техникалык жардам боюнча комментарий берди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, Тажикстандын коргоо министрлиги Тажик-Ооган аймагындагы кырдаал кыйындаганынан улам Казакстандан 2019-жылы аскердик-техникалык жардам сурап кайрылган. Буга байланыштуу 2021-жылы 17-апрелде өкмөттөр аралык келишимге кол коюлган.

Мындан тышкары Казакстандын Коргоо министрлиги Кыргыз өлкөсү менен 2-мартта анонимдүү келишим түзүлгөнүн билдирген.

"Тактап айтканда, Кыргыз өлкөсү жана Тажикстан менен түзүлгөн келишим чек ара маселеси чыкканга чейин эле каралган. Учурда түзүлгөн келишимдердин ратификациялоо иштери улантылууда", - деп жазылат коңшу өлкөнүн басылмаларында.

Ошондой эле Казакстан Кыргыз-Тажик чек ара талаш-тартышын күчөтүү ниети жок экендигин кошумчалашкан.

Буга чейин Казакстан парламентинин Мажилисинде "Казакстандын өкмөтү менен Тажикстандын өкмөтүнүн ортосундагы акысыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Казакстандын мыйзам долбоору каралганы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
kkkk3259780
2021-06-08 13:55:36
казак кыргыз бир тууган деп койгула..
+1
Aky12
2021-06-08 14:00:20
Азыр бир козун бир козуно душман деген ушул экен да
+14
expert.007
2021-06-08 14:24:33
Ушундаай дегиле казак баурлар
+10
Belek1710
2021-06-08 14:24:42
Түшүндүрмө берип тургула, ок дарынын кайда королгонуна чейин.
+8
nurka_85
2021-06-08 17:21:47
Чагымчылдар буларга иШенбеш керек. Аларды бизге, бизди аларга кайрап салып коюп кол чаап карап тургулары келип атышат окшойт
+1
Zumrudianka
2021-06-08 19:02:30
Братья кыргызы деп койсо эле ооо биз бир тууганбыз деп коммент жаза каласынар тажиктерге да. Токтоткулачы Кыргыздарым антпейличи башка сразу бир тууган дебегилечи. Ооба куранда айтылган мусулман бир тууган деп. Кыргыздар озубузду озубуз бир тууган дейличи, осуп баратканды буттан чалбайлычы ошондо бизди эч бир улут сындыра албайт
+6
max-bek
2021-06-08 20:10:55
Кызык казактарга тажиктер суу бериш учун ок дарыларын берип Кыргыздарга сес корсоткондой эле болду. Тажиктер оздору баштай албайт болчу.казактар дем берди да. Корунуп шайкеш келип эле турбайбы. Чек араны ачпаш керек. Биздин эн чон куралыбыз ушул
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан