Биз социалдык тармакта

Мечиттерде жума намаз окууга уруксат берилди. Ага коюлган талаптар

Өлкөдө COVID-19 илдетинин жайылышынын алдын алуу максатында санитардык эрежелерди толук сактоо менен жума намазын 11-июндан тарта мечиттерде окууга уруксат берилди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Муну менен катар эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу республикадагы бардык мечиттерде сактык чаралардын сакталуусу талап кылынат.

Талаптар:

- Күнүмдүк беш убак жана жума намазына келүүчү жарандардын бет кап тагынуусу талап кылынат;

- Мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды жана жарандардын дене табын текшерүү иш-чараларын жүргүзүү керек;

- Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метр аралыкты так сактоо жана мечиттин сыйымдуулугунун 50 пайыз ашпоосу зарыл;

- Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат;

- Дааратты үйдөн алуу сунушталат;

- Жаш балдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу талап кылынат;

- Мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 минуттун аралыгында чыгып кетүү сунушталат;

- Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүүсү сунушталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан