Дүйнөдөгү эң бийик чоку болгон Эверестти түштүк Непал тараптан багындырган өзбекстандык альпинист Сергей Денисенкого аталган өлкөнүн президенти Шавкат Мирзийоев унаа белек кылды. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, альпинистке өзбек лидеринин атынан Trailblazer маркасындагы жол тандабас тапшырылып, "Өзбекстандын сыймыгы" ардак наамы ыйгарылган.
Денисенконун жардамы менен Өзбекстандын желеги планетанын эң бийик жери - Эвересттен 8 миң 848 метр бийиктикке көтөрүлгөн.
Эске салсак, май айында Кыргыз альпинисти Эдуард Кубатов "Эверест 1" экспедициясынын курамында Эвересттин жогорку чекитине чыккан.