Бүгүн, 8-июнда Ош шаарындагы Алишер Навои атындагы мектептин спорт залына стационар уюштурулду. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, стационарды дарыгерлер күнү-түнү тейлейт. Мындан тышкары шаардын башка кичи райондоруна да ачуу пландалууда.
Бүгүн өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча Ош облусу "кызыл зонага" кошулганы кабарланган.