Шашылыш билдирүү! Бишкекте жана Чүйдө күн күркүрөп, катуу шамал болот
Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө бир саат аралыгында катуу шамал күтүлөт. Түндүн биринчи жарымында аталган аймактарда күн күркүрөп, түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды этият болууга, айдоочуларды унааларын бактардын, курулуш жүрүп жаткан имараттардын алдына токтотпоого чакырат.