Франциянын президенти Эммануэль Макрон өлкөнүн түштүк-чыгыш аймагындагы Дром департаментине иш сапары менен барган учурда аны белгисиз жаран жаакка чаап жиберди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, президент аны күтүп турган элге барып, ага колун сунган киши менен алик алган учурда, ал киши анын колун бир колу менен кармап, экинчи колу менен өлкө башчысын жаакка чапкан. Макрондун жан сакчылары дароо реакция кылып, өлкө башчыга кол көтөргөн кишини кармап калышкан.
Кийинчерээк президент жаакка сокку албаганын айтып, бул окуяга катыштыгы бар делген жүйөө менен эки киши кармалганын кабарлашкан.