Токиодо Олимпиада оюндарын өткөрүүгө каршы болгон жарандар нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарында жазылды.
Маалыматка караганда, акцияга 300дөн ашуун жаран катышкан, алардын көпчүлүгү медицина кызматкерлери. Алар июль айында өтө турган Олимпиада оюндарын өткөрүүгө каршы экендигин билдиришкен. Себеби коронавирус пандемиясы шартында Олимпиада өткөрүү кырдаалды курчутуп жибериши мүмкүн. Акциянын катышуучулары Токионун өкмөт имаратына чейин жөө жүрүш жасашкан. Сурамжылоого ылайык, калктын 50 пайызы Олимпиада оюндарын өткөрүүгө каршы экендиги маалым болгон.
Белгилей кетсек, Токиодогу Олимпиада оюндары 2020-жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин өтүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясынан улам Олимпиада бир жылга жылдырылган. Эми Олимпиада быйыл, 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өткөрүлүшү күтүлүүдө.