Бүгүн, 8-июнда Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетерин эскерткен.
Борбор калаада катталган катуу шамалдын кесепетинен бактар сынып, кулап, унааларды дагы басып калды. Ошондой эле көрнөк-жарнак илинген тирөөч дагы шамалга туруштук бере албаганын көрүүгө болот.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги азырынча шамалдын кесепеттери тууралуу расмий маалымат бере элек.