АКШда интимдик сүрөтү тарап кеткен кыз "Apple" компаниясынан акча доолап алды

АКШнын Орегон штатында студент кыз интимдик сүрөттөрү жана видеолору ачыкка чыгып кеткени үчүн "Apple" компаниясынан бир нече миллион доллар компенсация алды.

Дүйнөлүк басылмаларда айтылгандай, 2016-жылы кыз смартфонун оңдотуу үчүн "Apple Pegatron" ыйгарым укуктуу тейлөө борборуна өткөрүп берген. Борбордун эки кызматкери кыздын Фейсбук социалдык тармагындагы аккаунтуна анын телефонунан интимдик сүрөт жана видеосун жүктөгөн. Кыз сүрөттөрү ачыкка чыгып кеткенин досторунан жана тааныштарынан билген.

Бул окуядан кийин кыз "Apple" компаниясынын жеке жашоого аралашкандыгы жана моралдык зыян келтиргени үчүн сотко берген. Кыздын жактоочусу беш миллион доллар компенсация төлөп берүүнү талап кылган, "Apple" компаниясы сотко кайрылбай, акчаны төлөп берүүнү чечкен. Компания компенсациянын суммасын жарыялаган эмес, ал эми күнөөлүү кызматкерлер иштен айдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан