Депутат Рыскелди Момбеков "Кыргыз темир жолу" ишканасында жолго салынган коррупциялык схема бар экенин сынга алды. Бул тууралуу кечээ, 8-июнда Жогорку Кеңештин Транспорт, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын 2020-жылдагы аткарган иштери жана быйылкы жылга карата милдеттери тууралуу маалымат алды.
"Силер эч качан рельстен оңой менен чыкпайсыңар. Бир жагынан алып барып камаса, кайра эле экинчи жагынан келип каласыңар. Мурда темир жолдун башчылары шаар мэри болуп кетсе, азыр кайда кетип жатат?" - деп сынга алды Рыскелди Момбеков.