Биз социалдык тармакта

"Тааныштарына калтырып кеткендер бар". Ысык-Көлдө 13 миңден ашык мигранттын балдарынын жашоо-шарты текшерилүүдө

Ысык-Көл облусунда мигранттардын балдарынын жашоо-шарты текшерилүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, жайкы мезгилде балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан “Укуктук тартип” аталышындагы профилактикалык иш-чарасынын алкагында мигрант балдардын жашоо шарттары текшерилүүдө.

"Жыл башынан бери, тагыраагы 5 ай ичинде мигранттардын балдары жашаган 13 миӊден ашык үйлөр текшерилип чыккан. Иш-чаранын жүрүшүндө 7 миң 668 бала мигранттардын балдары экени аныкталган, анын ичинен 2 миң 890 ички жана 4 миң 778 тышкы мигранттардын балдары болуп эсептелинет. КМШ мамлекеттерине жана алыскы өлкөлөргө чыгып кеткен ата-энелердин саны 3 миң 876 адамды түзгөн.

Такталган тизмелердин негизинде социалдык кызматкерлер менен бирге мигранттардын балдары жашаган үйлөр кылдаттык менен текшерилүүдө. Алардын жашоо-шарттарын текшерип, жайкы каникул учурунда балдар кайсы жерлерде болорун тактап жатабыз. Алыс туугандарына жана тааныштарына калтырып кеткен балдар да жок эмес. Мындай үй-бүлөлөр менен мыйзамдын негизинде камкорчулукту толтуруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз",- деп билдиришти Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан