АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп башка өлкөлөрдү Нигериядан үлгү алып, Твиттер жана Фейсбук социалдык тармактарына тыюу салууга үндөдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
“Көп өлкөлөр Твиттерге жана Фейсбукка эркин жана ачык сүйлөөгө жол бербегендиги үчүн тыюу салыш керек. Мен муну президент болуп турганымда жасашым керек болчу”, - деген Трамп билдирүүсүндө.
5-июнда Нигерия өкмөтү өлкөдөгү Твиттер платформасынын ишин убактылуу токтоткону белгилүү болгон. Буга бир нече күн мурун социалдык тармак Нигериянын президенти Мохаммад Бухаринин билдирүүсүн алып салып, анын аккаунтун 12 саатка жаап салуусу себеп болгон. Бухари өз билдирүүсүндө сепаристтерге өкмөттүк имараттарга кол сала турган болсо жазаланышарын эскертип коркуткан. Социалдык тармактын алгоритми билдирүүнү кемсинтүү катары кабыл алган.