Чүйдүн Панфилов районунда 18 жаштагы Миржан Русланбек уулу дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 3-май күнү үйүнөн Бишкек шаарына кеткен бойдон бүгүнкү күнгө чейин белгисиз.

"Бою 170-175 сантиметр, арык чырай, көзү-кашы кара. Үйдөн чыгып жатканда үстүндө кара түстөгү футболка, көк түстөгү жынсы шым бутунда кара спорттук бут кийим кийип жүргөн", - деп айтылат маалыматта.