Бишкек шаарынын мэриясы мыйзамсыз орнотулган объектилерге каршы күрөшүүнү улантууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, жолду реконструкциялоо долбоорунун алкагында Кулатов көчөсү №56 дарегиндеги капиталдык тосмо бузулду.
"Мындан тышкары Түштүк-2 кичи районундагы эки күркө алынды. Түшүндүрүү иштеринен кийин ал жерде дагы 3 күркө өз ыктыяры менен ээлери тарабынан демонтаждалды.
5-кичи райондо жана 35-үйдүн жанындагы эки соода күркөсү алынды. Ахунбаев жана Жунусалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги арка демонтаждалды. Чалдыбар көчөсүндө мыйзамсыз орнотулган эки күркөнү жана турак вагонун алышты.
Жибек-Жолу кең көчөсү менен Осмонкул көчөсүнүн кесилишиндеги темир тосмо, Будённый көчөсүнүн боюндагы темир дарбазалар алынды", - деп жазылат маалыматта.