Франциянын президенти Эммануэль Макронду жаакка чабуу окуясын президент өзү уюштурган деп шектенишүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Франциядагы социалдык тармактардын колдонуучулары аталган окуяны кызуу талкуулап жатышат. Айрымдары окуяны кескин айыптап, агрессорду жазалоого чакырышса, башкалары нааразычылык акцияларында жарандарга жасалган зордук-зомбулукту эстешкен. Калгандары жаакка чабууну Макрон өзү уюштурган деп божомолдоп жатышат.
Буга чейин Эммануэль Макрон өлкөнүн түштүк-чыгыш аймагындагы Дром департаментине иш сапары менен барган учурда аны белгисиз жаран жаакка чаап жибергендиги жазылган.