Елизавета II ханзаада Гарри менен элдешүүнү чечип, аны тамактанууга чакырды

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II Лондонго ханбийке Диананын эстелигин ачуу үчүн келе турган ханзаада Гарри менен элдешүүгө даяр. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Сассекс герцогу падышалык үй-бүлөнү айыптаганына карабастан Елизавета II небересине кек сактабайт. Ал буга чейин Гаррини АКШдан ханбийке Диананын эстелигинин ачылыш аземине келгенде Виндзор сепилинде чогуу тамактанууга чакырган. Чакыруу Гарринин кызы төрөлө электе эле жөнөтүлгөн.

Ханзаада Гарри жана анын жубайы Меган Маркл жаңы төрөлгөн кызына Елизабет II'нин үй-бүлөлүк лакап атын коюшкан. 1997-жылы каза болгон ханзаада Гарринин апасы, ханбийке Диананын эстелиги 1-июлда Кенсингтон сарайынын бакчасында ачылат. Сассекс герцогу салтанатка жалгыз келет, ал эми анын жубайы уулу жана жаңы төрөлгөн кызы менен Калифорнияда калат. Бул ханышанын 2020-жылдан бери небереси менен болгон биринчи жекеме-жеке жолугушуусу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-06-10 10:17:52
Аты эле укмуш го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан