Түштүк Кореяда имарат урап кеминде 9 киши каза болду

Түштүк Кореяда имарат урап, анын кесепетинен кеминде 9 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Корея Республикасынын Кванжу шаарында эскирген курулуш имараттарын кулатуу иши жүрүп жаткан маалда 5 кабаттуу имарат аялдаманы көздөй урап түшкөн. Кырсыктан каза болгондор жана жаракат алгандардын бардыгы аялдамадагы, автобустагы жарандар болгон. Анын ичинен 9 жаран каза болсо, 8 адам оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Куткаруу кызматы кулаган имараттын аймагында иш алып барышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан