Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын арыктап кеткени эксперттердин талкуу чордонуна түштү. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Ким Чен Ын 1 айга жакын убакыттан бери коомчулукка чыга элек болчу. Мындан улам чет элдик басылмалар анын ооруп жаткан болушу мүмкүн экендигин жазып, буга чейин да бир канча убакыт бою коомчулукка чыкпай калышы ден соолугундагы олуттуу көйгөйдөн улам болушу ыктымал экендигин байма-бай жазып келишкен.
Ал эми 5-июнда Түндүк Кореянын Эмгек партиясынын отурумуна келген Ким Чен Ындын салмак таштап, арыктап калганы байкалат. Чет элдик басылмалар анын буга чейинки сүрөттөрү менен жаңы сүрөттөрүн салыштырып көрүшкөн. Эксперттер анын арыкташы ден соолугундагы олуттуу көйгөйдөн улам болушу мүмкүн же дени сак жашоо образына өткөндүгүнүн белгиси дешкен.
Ким Чен Ындын салмагы 140 килограмм болгондугу жана 2011-жылы бийликке келгенден бери 6-7 килограмм кошконун Түштүк Кореянын агенттиктери айтышкан.