Өлкөдө январь-май айларында 24 миң 973 жаран пенсияга чыкты. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Республика боюнча январь-май айларында жалпы 24 миң 973 адам пенсияга чыкты. Анын ичинде май айында 5 миң 931 жаранга пенсия чектелди.
Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендиги боюнча 750 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелди", - деп жазылат маалыматта.