Биз социалдык тармакта

SUPER.KG порталы #ЭмиСен аттуу сынак жарыялайт! Балаңыз креативдүү бийлесе, чамдаңыз!

SUPER.KG порталы 4-8 жашка чейинки кыздар, балдарга #ЭмиСен аттуу креативдүү онлайн бий сынагын жарыялайт.

Сынактын шарттары:

  • Жашы: 4-8 жашка чейин;
  • Видеонун убактысы: 4 мүнөткө чейин;
  • Бийде өзгөчөлүктөр болушу керек;
  • Видео сапаттуу тартылышы шарт;
  • Видеону өзүңүздүн Инстаграм баракчаңызга жүктөп, @super.kg_officiall жана @sonku_kabar.kg баракчаларын белгилеп, #ЭмиСен, #superkgsynak хештектерин жазыңыз;
  • Сынакка катышып жаткан баланын аты-жөнү, жашы, жашаган аймагы белгилениши керек;
  • Конкурстук видеолорду 0779 47 39 39 номуруна (WhatsApp аркылуу же Telegram'дан) жөнөтүңүз.

Видеолорду жүктөө жана жогорудагы номерге жөнөтүү убактысы: 10-июндан 30-июнга чейин.

Сынак 2 тур менен өтөт:

1-тур: Жүктөлгөн жана портал көрсөткөн номерге келген видеолорду SUPER.KG порталынын жамааты карап, талаптарды толук аткаргандардын видеолорун тандап алат (30-июнда каралат).

2-тур: Тандалып алынган видеолор SUPER.KG порталынын Элдик видео бөлүмүнө жана @sonku_kabar.kg Инстаграм баракчасына жүктөлөт. @sonku_kabar.kg баракчасында 1-июлдан 5-июлга чейин "жакты" белгисин жана комментарий топтоо жүргүзүлөт. Жеңүүчүлөр ушул баракчада топтолгон "лайк" жана комментарийлердин жыйындысы аркылуу аныкталат.

ЖЫЙЫНТЫК: 10-ИЮЛДА ЧЫГАТ

Алдыңкы 3 орунду ээлегендер баалуу белектер менен сыйланат. Ошондой эле "Хореографтын тандоосу" номинациясы дагы бар.

Эскертүү: Өлкөнүн кайсы бурчунда болсоңуз же чет өлкөдө жашап жатсаңыз да сынакка катышууга мүмкүнчүлүк бар. Шарттар толук аткарылбаса видео сынактан четтетилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nurka_85
2021-06-10 22:24:01
Ырдаган видео болсочу
0
Кызжибек Раимова
2021-06-11 07:47:59
nurka_85,бул ирет бий сынагы) ырдаган видео болсо сынакка кирбей калат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан