Балыкчы шаарындагы эс алуу жайларынын биринде Казакстандын жараны сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 8-июнь күнү саат 20:35те кишинин жансыз денеси табылган. Каза болгон адам 1968-жылы туулган, Казакстандын жараны, Алматы шаарынын тургуну экендиги аныкталган.