Африкада дарыгерлер жарандарга коронавируска каршы вакцинанын ордуна суу куюп, ал үчүн акча талап кылышууда

Африкада дарыгерлер адамдарга коронавируска каршы вакцинанын ордуна суу куюп эмдешкен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ага ылайык, Кенияда дарыгерлер жергиликтүү тургундарга коронавируска каршы вакцинанын ордуна суу куюп, ал үчүн акча талап кылышкан.

Африка өлкөсүнүн жашоочулары AstraZeneca компаниясынын дары-дармеги менен акысыз эмдөөгө укуктуу. Эмдөөлөр мамлекет тарабынан аккредитацияланган атайын медициналык борборлордо жүргүзүлөт.
Бирок дары-дармектин жетишсиздигинен айрым дарыгерлер кениялыктарга вакцинаны акчага сунуштап, андан кийин дары-дармектин ордуна суу куюшат деп жазылат маалыматта.
Аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри жарандарды эмдөө үчүн акча төлөбөөгө жана бекер дары-дармектерди күтүүгө чакырган. Анын айтымында, бийлик буга чейин мындай алдамчылык фактыларын териштирип, кылмыш ишин козгогон. Буга чейин Эквадор полициясы он миңдеген дозада жасалма коронавирус вакцинасын берген альтернативдүү медицина клиникасын кармашкан. Ошол эле учурда клиниканын администрациясы вакциналар эмес, иммундук системаны чыңдоо үчүн "сывороткалар жана витаминдер" сатылып жаткандыгын жүйө келтирген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mamyrbek
2021-06-10 16:52:24
Бизди кудай өзү сактасын, бизде деле ушундай абалга барышына күмөн жок
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан